80 миллион бала коркунуч астында

ЮНИСЕФтин аткаруу директору Генриетта Фор эпидемия улана бере турган болсокелерки 6 ай күн сайын 6000 баланын «алдына алууга боло турган оорулардан улам каза болушу мүмкүн экени» болжолдолуп жатканын билдирди.

1422275
80 миллион  бала коркунуч астында

68 өлкөдө адаттагы эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы менен  бир жашка чейинки 80 миллион баланын коркунуч астында экени билдирилди.

ЮНИСЕФтин аткаруу директору Генриетта Фор Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору  Тедрос Адхамон Гебрейсустун өткөргөн пресс  - жыйынында сөз сүйлөдү.

Уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда видеоконфеернция методу менен өткөрүлгөн жыйынында Фор жаңы тип коронавирус эпидемиясына карата көрүлгөн чаралардан улам жалпы дүйнөдөгү балдардын төрттөн үч бөлүгүнүн  башкача айтканда 1, 8 миллион баланын «үйдө бол»  саясаты ишке ашырылган өлкөлөрдө жашаганын билдирди.

Фор өзгөчө 153 өлкөдө мектептердин жабылганын жана 1, 2 миллиард баланын билим ала албаганын айтты.

Фор эпидемия улана бере турган болсо саламаттык сактоо боюнча тейлөөдө үзгүлтүктүн болушу менен келерки 6 ай күн сайын 6000 баланын «алдына алууга боло турган оорулардан улам каза болушу мүмкүн экени» болжолдолуп жатканын билдирди. Ошондой эле 27 өлкөдө кызамык, 38 өлкөдө да полиомиелит эмдөөлөрүнүн токтотулганын билдирип : «Мунун жыйынтыктары балдар үчүн өлүмчүл болушу мүмкүн»,- деди. Жакыр же бай өлкөлөрдө он миллиондогон баланын дифтерия, кызамык жана пневмония сыяктуу оорулар менен ооруп калуу коркунучу менен бетме  - бет экенин баса белгилеген Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору Гебрейсус болсо : «Дүйнөнүн Ковид  - 19 үчүн ишенимдүү жана таасирдүү вакцинаны чыгаруу үчүн бириккен мезгилде ансыз да бар болгон жана бардык жерде балдарга жеткирилүүсү керек болгон ондогон куткаруучу вакцинаны унутпашыбыз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар