Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Кытайда вирус жугузган жалпы киши саны 82 971ге жетти.

1421709
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Коронаврустан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 334 848ге жетти. Вирус жугузгандардын саны 5 миллион 207  910дон, айыккандардын саны 2 миллион 83 393төн ашты.

Эпидемиянын кесепетинен 4 миң 634 киши  каза болгон Кытайда бир күндүн ичинде жаңы 4 учур катталды. Өлкөдөгү вирус жугузган жалпы киши саны 82 971 болду.

Акыркы 24 саатта Түштүк Кореяда 20 жаңы учур катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны  11 142ге жетти.

Түштүк Африка республикасында коронавирус жугузган 2 күндүк бөбөк каза болду. Бөбөктүн өлүмүнүн Ковид  - 19дан каза болгон эң кичинекей жаштагы өлүмдөр арасында орун алганы белгиленди. Вирустан 339 киши каза болгон өлкөдө 18 000ден ашуун бейтап бар.

Суданда Ковид – 19дан каза болгондордун саны 10 кишиге көбөйүп, 121ге жогорулады. Өлкөдө бейтап саны138.

Йеменде  коронавирустан каза болгондордун саны 33кө жетип, вирус жугузган киши саны 197ге жеткендиги билдирилди. Өкмөт өлкөдөгү  эпидемиянын аныкталышы жана саламаттык сактоо кызматкерлерине жардам берүү үчүн эл аралык адистерди жиберүүгө чакыруу салды.

Жалпы Африкада вирустан каза болгондордун саны 3031ге, вирус жугузгандардын саны 96 829га жогорулады.

Кээ бир өлкөлөрдө  каза болгон киши саны төмөнкүдөй болду :

Иранда 7 300 киши, Кытайда 4 634, Индияда 3 585, Россияда 3099, Индонезияда 1278, Пакистанда 1067, Бангладеште 408, Сауд Арабияда 351, Бириккен Араб Эмираттарында 237, Сингапурда 23 жана Катарда 17 киши.

 



Тектеш кабарлар