Пентагондон жашыруун чыккан жободо вакцина оңой менен табылбай турганы жазылган
АКШнын Коргоо министрлигинен жашыруун түрдөгү жобо медианын колуна өткөн.
1420770
АКШнын Коргоо министрлигинин(Пентагон) жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) вакциянасынын 2021-жылдын ортосуна чейин табыла албай турганын жана пандемиянын кайталана ала турганын эске алып даярдык кылганы ачыкка чыкты.
Пентагондон жашыруун чыккан жобого караганда Covid-19 вакциянасынын эң эрте 2021-жылдын жайында колдонула ала турганы эсептелген.
Коргоо министри Марк Эспердин аты жазылган бирок кол коюла элек жободо, «Алдыбызда Ковид-19дун кайталануу ыктымалдуулугу абдан олуттуу болгон узун мөөнөт бар»,деген сөздөр орун алган.