Дүйнө жүзүндө Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 329,903төн ашты

Вирусту жуктуруп алгандардын саны 5,101,473төн ашты.

1421115
Дүйнө жүзүндө Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 329,903төн ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 329,903төн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5,101,473төн ашты. Ал эми 2,033,559дан ашуун киши илдеттен айыкты.

4634 киши каза болгон Кытайда акыркы 24 саатта жуктуруп алган 2 учур катталды. Өлкөдө чет өлкөдөн келген жуктуруп алган учурлар 1709га, өлкө ичиндеги жуктуруп алган учурлардын жалпы саны 82,967 болду.

Түштүк Кореяда каза тапкандардын саны 264кө, жуктуруп алгандардын саны 11122ге жетти. Өлкөдө акыркы 24 саатта 12 жуктурган учур катталып, бир киши Ковид-19дун себебинен каза болду. Тышкы иштер министринин орун басары Гунн, өлкөсүнүн Ковид-19 менен күрөшүүдөгү ийгилигинде 3Т түрүндө калыптандырган тест, байкоо жана дарылоо ишке ашырууларынын таасирдүү болгонун айтты.

Орусияда Ковид-19 пандемиясынын себебинен каза болгондордун саны 3099га, вирус жуктуруп алганы аныкталган киши саны 317554кө жогорулады. Пандемия эң таасирдүү болгон борбор шаар Москвада каза тапкандардын саны 68ге көбөйүп 1794кө, жуктуруп алгандардын саны 2913кө артып 155219 болду.

Кувейтте Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 124кө, жуктуруп алгандардын саны да 17568ге жетти.

Катарда каза болгондор 16га, жуктуруп алган учур 37097ге жогорулады.

28 киши каза тапканы жарыяланган Оманда 372 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын жалпы саны 6043кө жетти.

12 киши каза болгон Бахрейнде жуктуруп алгандардын саны 7 миң 843кө жогорулады.

Ливанда 961, Газа тилкесинде 30 учур катталды.

Вирустун себебинен 680 киши көз жумган, 14229 кишиде вирус аныкталган Египетте өкмөт, Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүш үчүн мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарынан кармап калууну көздөгөн мыйзам долбоорун бекитти.

Берки өлкөлөрдөгү вирустун себебинен каза болгондордун саны болсо мындай; Иран 7183,Индия 3438, Пакистан 1017, Бангладеш 386, Сауд Арабия 339, Бириккен Араб Эмирликтери 233, Сингапур 22 жана Катар 16.



Тектеш кабарлар