Коронавирус: чыгыш өлкөлөрү

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда жаңы тип коронавирустан 192 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 6000ден ашты.

1420189
Коронавирус: чыгыш өлкөлөрү

 Жалпы дүйнөдө коронавирус Ковид – 19дан каза тапкандардын саны  325ден ашты. Вирус жугузгандардын саны  5 миллионго жакындап, айыккандардын саны 1  миллион 971 000ден жогорулады.

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда жаңы тип коронавирустан 192 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 6000ден ашты.

Африка ооруларды көзөмөлгө алуу жана алдына алуу борборунун (Africa CDC) акыркы маалыматтарына караганда материкте Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 912кө жетип, вирус жугузгандардын саны 91 598ге жогорулады. Ушул кезге чейин 35 808 киши да айыкты.

Египетте Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 659га, Алжирде 561ге, Түштүк Африкада 312ге, Мароккодо 193кө, Камерунда 140ка жетти. 

Суданда вирустан 111 киши каза болуп, 2 728 кишиге вирус жукканы билдирилди. 

Ливанда болсо 26 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 954кө жетти. Вируска карата көрүлгөн чаралардын мөөнөтү 7 -  июнга чейин узартылды. Өкмөт эпидемия менен күрөшүүнүн негизинде 15 -  мартта жарыялаган билдирүүнүн негизинде транспорт жана тамак  - аш сыяктуу негизги муктаждыктарды камсыз кылган кээ бир ишканалардын тышында  менчик жана менчик жана коомдук мекемелердин жабылышына чечим чыгарган.

Израилде 278 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 16 659га жогорулады. Премьер  - министр Беньямин Нетаньяху Ковид  - 19дан улам март айынын акырларынан тарта жабыла баштаган бардык ыбадатканалардын бүгүндөн баштап кайрадан ачыларын жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар