Италия менен Россиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Ливия маселеси каралды.

1420078
Италия менен Россиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Италиянын тышкы иштер министри Ди Майо менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Ливия маселеси каралды.

Италиянын тышкы иштер министрлигинин твиттер эсебинен берилген маалыматта министр Ди Майонун орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөнү билдирилди.

Маалыматта : «Сүйлөшүүнүн борборунда Италия үчүн алдыңкылык берилген темалардын бири болгон Ливия орун алды. Ди Майо кагылышууларды токтотуу үчүн синергетикалык иштөө зарылчылыгын белгиледи»,- деп билдирилди.

Эки министрдин өзгөчө жаңы тип коронавирус эпидемиясына байланыштуу абалдарды да карап чыгышкандары маалымдалды.



Тектеш кабарлар