Ливия армиясынан Ватиййе базасына абадан операциялар жүргүзүлдү
Аба базасына жүргүзүлгөн операцияларда Хафтер террористтерине таандык аскердик унаалар жана ок-дарылар сакталган амбар талкаланып, 7 террорист жок кылынды.
Ливия армиясына караштуу абадагы элементтери, өлкөнүн чыгыш жагындагы расмий эмес куралчан топтордун лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтердин басып алуусу астындагы Ватиййе аскердик аба базасына акыркы 24 саатта 5 ирет операция жүргүздү.
Аба базасына жүргүзүлгөн операцияларда Хафтер террористтерине таандык аскердик унаалар жана ок-дарылар сакталган амбар талкаланып, 7 террорист жок кылынды.
Эл аралык мыйзамдуулугу болгон Ливия өкмөтүнө караштуу армия, 25-мартта «Тынчтык шамалы» операциясын баштаган, 13-апрелде болсо Триполинин батыш жагындагы 7 аймак жана бир шаарды Хафтер террористтеринен кайтарып алып борбор шаардан Тунис чек арасына чейин созулган жээк тилкесинде 3 миң чарчы километрдик аянт террористтерден тазаланган болчу.
Чөлдүн ортосунда кеңири жана коргоого алынган аскердик база болгон Ватиййе базасы, 7-10 миң аскердик тобу менен стратегиялык жактан чоң мааниге ээ.
Ливия армиясы базаны террористтерден кайтарып алыш үчүн жүргүзгөн операциялар аркылуу жалданма аскерлер менен террористтердин баш калкалоочу жайы жана жарандарга карай абадан кол салуулардын борборуна айланган Ватиййе аскердик аба базасынын таасирин жок кылууну максаттаганын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.