Дүйнөдө Сovid-19дун себебинен каза болгондордун саны 313800дөн ашты

1 миллион 830 миң 500дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

1419034
Дүйнөдө Сovid-19дун себебинен каза болгондордун саны 313800дөн ашты

 

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 313 800дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 750 миң 600дөн ашты. Ал эми 1 миллион 830 миң 500дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемия алгач пайда болгон Кытайда акыркы 24 саатта жаңы жуктурган 5 учур катталды, жаңы көз жумган эч ким болгон жок. Өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин вирустун себебеинен 4633 киши каза тапты, инфекцияга чалдыккан киши саны 82947ге жетип, 78227 киши айыгып чыкты, 87 бейтап дарыланып жатат.

Түштүк Кореяда өткөн аптада борбор шаар Сеулдагы түнкү клубдарга барган кишилердин арасындагы жайылуу менен көбөйгөн учурлар кайрадан азаюу багытына өткөнү көрүндү. Акыркы 24 саатта жуктуруп алган 13 киши аныкталды, жаңы каза тапкан эч ким болгон жок. Өлкөдө ушул убакка дейре вирустун себебеинен 262 киши каза таап, жуктуруп алгандардын санын 11500 болду.

Иранда Ковид-19дун себебинен дагы 51 киши каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 6988ге, жуктуруп алгандардын саны 120198ге жетти.

Орусияда акыркы 24 саатта Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 94 кишиге көбөйүп 2631ге, дагы 9709 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жалпы жуктуруп алгандардын саны 281 752ге жогорулады. Айыккандардын саны 4207ге көбөйүп 67 373кө жетти.

Айрым Евразия өлкөлөрүндөгү каза болгондордун көрсөткүчтөрү төмөнкүчө;

Украина 514, Молдова 209, Армения 60, Казакстан 34, Грузия 12, Өзбекстан 11.

Ушул убакка дейре 121 киши Covid-19дун себебинен каза болгон Иракта, Ирактын күрт аймактык башкаруучулугунун (ИКАБ) Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта жасалган жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) тесттеринин эч бирси позитив болуп чыкапагандыгын жарыялады. Аймакта вирустун себебеинен 5 киши каза болгон.

3 кишиси каза болгон жана 65 жуктурган учур катталган Ливияда Оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук борбору, жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) жайылуу даражасын белгилеш үчүн кеңири аянт иликтөөлөрү баштала турганын жарыялады.

542 киши каза болгон, 6821 кишиде вирус аныкталган Алжирде, Дин иштери башкармалыгы, Рамазан айт майрамында жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) себебинен саламдашууга жана кучакташууга тыюу салган фатва жарыялады.

Жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) себебинен каза болгондордун саны Сауд Арабияда 302, кувейтте 107, Катарда 15ке жогорулады.

10 киши каза болгон Бахрейнде Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жарыяда жуктуруп алгандардын саны 6747ге жеткени маалымдалды.

Йеменде өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактарда вирустан келип чыккан каза болуулардын 18, жуктуруп алгандардын санынын 106 болгону жарыяланган. Өлкөнүн жалган Хуси өкмөтүнүн Саламаттык сактоо министри Таха эл-Мутевеккил болсо дагы 2 кишинин Ковид-19 тести позитив болуп чыкканын жана жалпы жуктарап алгандардын саны 4кө жеткенин белгиледи.

Жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) себебинен каза болгондордун саны; Египетте 612, БАЭде 214, Мароккодо 192, Оманда 21, Иорданияда 9 болду.

Индиянын көзөмөлүндөгү Жамму Кашмирде пандемиянын себебеинен каза болгондордун саны 12ге, жуктуруп алгандардын саны 108ге көбөйүп  1121ге жетти.

Пакситанда акыркы 24 саатта вирустун себебеинен 39 киши каза таап жалпы каза болгондордун саны 873кө жогорулады. 14175 кишиге тест жасалып 1352 кишиде вирус аныкталды.Ушундайча жалпы жуктуруп алгадардын саны 40151 болду. Вирус өлкөдө алгач ирет кездешкен 26-февралдан бери 11321 киши айыкты.

Непалда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) себебинен алгачкы өлүм катталды. Борбор шаар Катмандуда бир ооруканада дарыланып жаткан 29 жаштагы аял Ковид-19дун себебинен каза тапты. 29 миллион калкы бар өлкөдө ушул убакка дейре 281 учур катталган.

Жапониянын Йокохама шаарында жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) жуктурган учурлар катталганынын себебинен февраль айында карантинге алынган Британиянын желеги илинген жүргүнчү кемеси «Diamond Princess» бул өлкөдөн кетти. Пандемия убагында 56 өлкөдөн 3700 жүргүнчү жана экипажын ташыган кемеде 13 өлүм, 712 жуктурган учур катталган.

Африка материгинде акыркы 24 саатта Коивд-19дан каза тапкандардын саны 2648, жуктуруп алгандардын саны 3 миңден ашып 78938ге жогорулады. Ушул убакка дейре 30 миңдей киши айыгып чыккан.



Тектеш кабарлар