Иракта ДЕАШ кол салды

Кол салууда 3 киши каза тапты.

1418498
Иракта ДЕАШ кол салды

Ирактын чыгышындагы Дияла шаарында террордук уюм ДЕАШ жасаган эки башка кол салууда 3 киши каза болду.

Дияла коопсуздук директорлугунан лейтенант Шалан ел- Камили Дияла шаарындагы ел- Азим аймагына караштуу ел- Бумера айылында Хашди Шаби күчтөрүнүн коопсуздук пунктуна терордук уюмДЕАШтын кол салуусунда чыккан кагылышууда коопсуздук күчтөрүнөн 2 кишинин каза болгонун, 2 кишинин да жараланганын маалымдады.

Багдат коопсуздук директорлугу берген маалыматка караганда Багдаттын түндүгүндө ДЕАШ тарабынан качырылган 25 жаштагы бир жаранды террористтер өлтүрдү.

Таримийе аймагына караштуу элет жеринде качырылган кишинин сөөгүнүн табылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар