ДСУ Африка тууралуу эскертти
Коронавирус 200 миллиондон ашуун кишинин абалын дагы да начарлатты.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Африка директору доктор Матшидисо Моети жаңы тип коронавирус эпидемиясынын материкте жетеринче тамактана албаган 200 миллиондон ашуун кишинин абалын дагы да начарлатканын айтты.
Моети телеконференция аркылуу өткөргөн брифингинде Африкадагы тамак - аш коопсуздугунун чукул абал экендигин айтып, жетерсиз тамактангандардын иммунитет системаларынын күчсүз экендигин баса белгиледи.
200 миллион кишинин азыркы учурда жетерлик азык - түлүккө жетише албаганын билдирген Моети : «Ковид - 19 абалды дагы да начарлатып жатат»,- деди.
70 миңден ашуун бейтаптын бар экени билдирилген Африка өлкөлөрүндө ушул кезге чейин 2 500 киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.