Коронавирус:Батыш өлкөлөрүндө cоңку абал

Дүйнө жүзүнө Covid-19дан каза тапкандардын саны 300 миңге чукулдап баратат.

1417385
Коронавирус:Батыш өлкөлөрүндө cоңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун  (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 300 миңге чукулдап баратат, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 447 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 668 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебинен  көз жумгандардын саны  85 миң 197ге жетти. 1 миллион 430 миң 3408 кишиде вирус аныкталды. Президент Дональд Трамп,Кытай менен соода келишимине кол коюлгандан көп өтпөй жаңы типтеги корорнавирус пандемиясы пайда болгонун белгилеп, «100 соода келишими дагы каза болгон бейкүнөө адамдарды кайтарып бербейт»,-деп айтты. Трамп пандемиянын жаштарга таасири аз экенин белгилеп, штат губернаторлуктары мектептерди ачуусу керектигин айтты.

 Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 195ке көбөйүп 31 миң 106га жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 2 миң 809га кыскарып, 78 миң 457ге түштү.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 83кө көбөйүп 27 миң 74кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 507ге көбөйүп  214 миң 169га жогорулады.

8 903 киши Covid-19дун себебинен каза тапкан Бельгияда жуктуруп алынгандардын саны акыркы 24 саатта 307ге көбөйүп 54 миң 288ге жетти. Бельгияда чара көрүүлөр акырындык менен жоюлууда.

Бразилияда Covid-19дун себебинен каза тапкандар акыркы 24 саатта 749га көбөйүп 13  миң 240 болду.

Айрым өлкөлөрдөгү каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Англия 33186, Испания  27321,Германия 7861, Нидерландия 5562, Канада  5302, Мексика 4220, Швеция 3460, Эквадор 2334, Перу 2169, Швейцария 1870, Ирландия  1497, Португалия 1175, Чили 346.


Этикеткалар: #Дүйнө , #Covid-19

Тектеш кабарлар