ЙПГ/ПКК элдин битирин тартып алууда

Террористтер битирди берүүнү каалабаган кишилерди тизмеге алууда.

1416608
ЙПГ/ПКК элдин битирин тартып алууда

 ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюму Сиряда басып алган аймактарда жарандык калкка кысым жасап,  битирлерин тартып алууда.

Рамазан айында муктаж болгон үй  -  бүлөлөргө таркатылган битирлерди да тартып алган  ЙПГ/ПКК террористтери үйлөрдү кыдырып битирлерин күч менен тартып алууда.

Жакырдык менен күрөшүп жаткан аймак калкы болсо уюмдун бул кыймылынан корккону үчүн үнүн чыгара албай жатат.

Террористтер битирди берүүнү каалабаган кишилерди тизмеге алууда.

ЙПГ/ПКК коронавирус эпидемиясын шылтоолоп салыктарды арттырып, негизги тамак  - аш бааларын акыркы эки айда эки эсеге көтөрдү.

Террористтер кечээ өлкөнүн түндүк – чыгышындагы Камышлы районунун борборунда  кыдырып сатуучуларга кол салды. Кыдырып сатуучулардын көпчүлүгү качып кутулуп, калган бир жаранды террористтер токмоктошкон. Токмокко дуушар болгон жаран окуядан кийин жанын кыюу үчүн бир имараттын үстүнө чыкты.  Чогулган эл токмок жеген кишини көндүрүп баш тарттырышты.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүндөгү Тель Рыфат жана Манбиж райондору менен Евфрат дарыясынын чыгышындагы Ракка, Хасеке жана Дейризор облустарындагы басып алууну улантууда.



Тектеш кабарлар