Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 291 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 300 миңден ашты.

1416159
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 291 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 300 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 550 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебинен  көз жумгандардын саны  83 миңге чукулдап калды. Ак үй Ковид-19 пандемиясынын себебинен территорияга кирген бардык журналисттерге күнүмдүк тест жасала турганын жарыялады. Мурдагы күнү да Ак үйдүн башкаруу кеңселери орун алган West Wingде  (Батыш канаты) кызмат кылгандарга жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында бет кап тагуу мажбурдуулугу киргизилген болчу. Ак үйдүн катчысы МакЕнани болсо, катчысында Ковид-19 аныкталган вице-президент Майк Пенстин чыгарган жеке чечими боюнча президент Дональд Трампка жакындабаганын айтты. Бир тараптан өлкөдө жүргүзүлгөн бир сурамжылоодо катышуучулардын 54 пайызы президент Трамп өкмөтүнүн жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү боюнча жетээрсиз болгонунун көз карашын бөлүштү. Трамптын коронавирус тууралуу билдирүүлөрүнө Республикачылдардын 84 пайызы ишенгенин айтса, Демократтардын 4 пайызы гана ишенгенин билдирди. Бул учурда Нью-Йорктун губернатору Эндрю Коумо, 100 чакты баланын жаңы типтеги коронавируска байланыштуу болгону ойлонулган «сейрек» көрүнгөн ооруга кабылганын айтты. Коумо, маалымат жынында балдарга таасир тийгизген «сезгенүү синдрому» изилденгенин белгиледи. Сөз болгон илдеттин себебинен 3 баланын каза болгону жарыяланган.

Пандемиянын Европадагы чордонуна айланган Англияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен  каза тапкандардын саны 32 миң 692ге жетти. Каза болгондордун 42синин Лондондун транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, 10унун демир жолдор кызматкери, 150дөн ашыгынын болсо саламаттык сактоо жана картаңдар үйлөрүнүн кызматкерлери экендиги жарыяланды. Өлкөдө Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 3 миң 43кө көбөйүп 226 миң 463кө жетти.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 172ге көбөйүп 30 миң 911ге жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 1222ге кыскарып, 81 миң 266га түштү.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 348ге көбөйүп 26 миң 911ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 2478ге көбөйүп  213 миң 662ге жогорулады. Армияда Ковид-19га чалдыккандардын саны болсо 1771ге жеткени маалымдалды.

26 миң 744 киши каза тапкан Испанияда Ковид-19дан жакындарын жоготкондорун айткан 3 миңден ашуун киши «пандемияга каршы жетээрсиз чара көрүп, кеч, жоопкерчиликсиз жана жаман иш-аракет кылып ыктымалдуу кылмыш кылышты» күнөөлөрү менен өкмөткө каршы Жогорку сотко кайрылды.

Германия,Италия жана Франциянын өнөр жайчылары Ковид-19дун себебинен Европа Биримдигине (ЕБ) мурда окшошу болбогон «шашылыш» жана «кеңири» финансылык жардам чакыруусун жасады.



Тектеш кабарлар