АКШда антисемиттик окуялар рекорддук деңгээлге жетти
Жалаа жана тануу менен күрөшүү биримдигинин билдиргенине караганда өткөн жылы 2 107 антисемиттик окуя болгон.
1416600
АКШда өткөн жылы еврейлерге каршылык көрсөткөн окуялар рекорддук деңгээлге жетти.
АКШда таасирдүү еврей уюмдарынын башында турган Жалаа жана тануу менен күрөшүү биримдигинин билдиргенине караганда өткөн жылы 2 107 антисемиттик окуя болгон.
Бул сандын Жалаа жана тануу менен күрөшүү биримдигинин антисемиттик кол салууларды каттоого ала баштаган 1979 - жылдан бери эң жогорку деңгээлге жеткенине көңүл бурулду.
2018 - жылы 1879 антисемиттик окуя болуп, 2019 - жылы бул сандын 12 пайызга өскөндүгүнө басым жасалды.
Жалаа жана тануу менен күрөшүү биримдигинин жетекчилери өткөн жумада АКШдагы жаңы тип коронавирус эпидемиясына байланыштуу кастык теорияларынын өлкөдөгү еврейлерге каршылыкты арттырушу мүмкүн экендиги боюнча эскерткен.