ДЕАШтын Түштүк Азия башчысы кармалды

ДЕАШтын Түштүк Азия башчысы Ел Хорасани Афганстанда кармалды.

1415676
ДЕАШтын Түштүк Азия башчысы кармалды

 ДЕАШ террордук уюмдун Түштүк Азия башчысы Шейх Эбу Өмер Ел Хорасани Афганстанда кармалды.

Афганстан чалгындоо башкармалыгынан берилген маалыматта атайын күчтөрдүн борбор шаар Кабулдун чыгышында ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операцияда ДЕАШтын Түштүк Азия башчысы Ел Хорасанинин кармалганы белгиленди.

Операцияда ДЕАШтын Түштүк Азия бөлүгүнүн чалгындоо жана эл менен байланыш боюнча жооптууларынын да жаралангандыгы маалымдалып,  операциянын андан мурда кармалган ДЕАШ мүчөлөрүнүн моюнга алуулары боюнча жүргүзүлгөндүгү билдирилди.

ДЕАШтын Хорасан бөлүгүнүн башчысы Абдуллах Оракзаи Афганстандын түштүгүндө 5 -  апрелде жүргүзүлгөн операцияда кармалган.



Тектеш кабарлар