Израиль аскерлери эки палестинди жаралады
Палестина Элинин каршылык көрсөтүү комитеттери Кефр Каддум районунун координатору Мурад Ыштиви,митинг тууралуу маалымат берди.
Израилдин аскерлери басып алуусу астындагы Батыш Шериада жөөт отурукташкан жерлерине каршы уюштурулган митингге кийлигишип эки палестинди ок атып жаралады.
Палестина Элинин каршылык көрсөтүү комитеттери Кефр Каддум районунун координатору Мурад Ыштиви, палестиндердин Батыш Шерианын Наблус шаарына караштуу Кефр Каддум жергесинде Израилдин мыйзамсыз жөөт отурукташуу бөлүктөрүнө каршылык көрсөтүү максатында митинг өткөргөнүн белгиледи.
Израиль күчтөрүнүн митингдерди таркатыш үчүн көздөн жаш агызуучу газ чачып,желим ок колдонгонун, палестиндердин болсо аскерлерге таш менен жооп кайтарганын кеп кылган Ыштиви, эки палестиналык митингчинин Израиль аскерлеринин желим октору менен жарадар кылынганын белгиледи.
Ыштиви, көп сандаган митингчинин да көздөн жаш агызуучу газдан таасирленгенин баяндады.