Ирак Түркия менен бардык тармакта кызматташууну өнүктүргүсү келет
Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казиминин кеңсесинен жазуу түрүндө маалымат берилди.
Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими, Түркия менен бардык тармактардагы карым-катнаштарды өнүктүрүгүнү каалагандарын билдирди.
Мустафа аль-Казиминин кеңсесинен берилген жазуу түрүнрдөгү жарыяга караганда Ирактын премьер-министри Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдызды Өкмөт сарайында кабыл алды.
«Түркия менен бардык тармактагы карым-катнаштарды өнүктүрүүнү каалайбыз»,-деп айткан Казими, Түркия менен экономика жана террор менен күрөшүү жаатындагы кызматташтыгынын маанисин баса белгиледи.
Элчи Йылдыз дагы ишеним добушун алышынан улам Казимини куттуктады.
Мустафа аль-Казиминин 22 кишилик кабинетиндеги 15 министр шаршемби күнү ишеним добушун алган.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.