Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 280  миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 80 миңден ашты.

1414140
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 280  миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 80 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 425 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебеинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 1584кө көбөйүп 78 миң 639га жетти. Жуктуруп алгандардын саны болсо 28 миң 52ге көбөйүп 1 миллион 323 миң 83кө жетти.

Пандемиянын Европадагы чордонуна айланган Англияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 346га көбөйүп жалпы 31 миң 587ге жогорулады. Ал эми өлкөдө вирусту жуктуруп алгандын саны бир күндө 3 миң 896га көбөйүп 215 миң 260ка жетти.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 194кө көбөйүп 30 миң 395ке жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 84 миң 842ге түштү.  

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 80ге көбөйүп 210 миң 519га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 433кө көбөйүп 210 миң 519 болду. Өлкөдө чектөөлөр жеңилдетилүүдө.



Тектеш кабарлар