БУУ палестиналык качкындар үчүн жардам берүүгө чакырды

БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттиги донор өлкөлөргө 93 миллион доллар чукул жардам берүүгө чакырды.

1413749
БУУ палестиналык качкындар үчүн жардам берүүгө чакырды

БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттиги донор өлкөлөргө 93 миллион доллар чукул жардам берүүгө чакырды.

БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта донор өлкөлөргө 93, 4 миллион доллар жардам берүүгө чакырып, бул жардамдын келерки үx айда саламаттык сактоо, жеке гигиена, дезинфекция жана билим берүү тармактарында жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде палестиналык качкындар үчүн чукул түрдө керектүү экендиги белгиленди.

Маалыматта БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин башкы комиссары Филип Лаззарини палестиналык качкындардын Жакынкы Чыгышта коргоосуз калк экендигине көңүлдөрдү буруп, глобалдык кризис уланып жатканда БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттигинин да палестиналык  качкындардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн иштөөнү улантарын кошумчалады.

БУУнун Жалпы Кеңеши тарабынан 1949 -  жылы курулган Палестиналык качкындарга жардам агенттиги Батыш Шериа, Газа, Кудс, Иордания, Ливан жана Сирияда 5 миллиондон ашуун палестиналык качкынга жардам берүүдө.

АКШ Палестиналык качкындарга жардам агенттигине берген финансылык жардамды 2018 -  жылдан бери токтотуп, эл аралык жардам мекемесин кыйын абалда калтырды.



Тектеш кабарлар