Ким Чен Ын коронавирус менен күрөшүүдө Кытайды куттуктады
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди Пекин башкаруусунун жаңы тип коронавирус эпидемиясын көзөмөлгө алуудагы ийгилигинен улам куттуктады.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди Пекин башкаруусунун жаңы тип коронавирус эпидемиясын көзөмөлгө алуудагы ийгилигинен улам куттуктады.
Корея Борбордук маалымат агенттиги Кимдин Сиге жиберген катында Кытайдын мамлекет башчысын куттуктагандыгы, окшошу болбогон эпидемия менен болгон күрөштө жеңишке жетишүүсүн кубаттагандыгын билдиргенин жарыялады.
Кимдин катынын качан жиберилгенине байланыштуу маалымат берилген жок.
Акыркы бир нече жумадан бери Кимдин саламаттыгынын жакшы эмес экендиги же каза болгондугу тууралуу ушак - айыңдар жүрүүдө. Айтылгандардан кийин Кимдин борбор шаар Пхеньянда жер семирткич заводунун ачылышын аткарып жатканда тартылган фтография жана видеолору жарыяланган.
Кимдин ортого чыгышы өзү тууралуу айтылган ушак - айыңдарды акырына чыгарса да кээ бир серепчилер анын жүрүшүндө кызыктай нерсенин бар экенин айтышууда.