Ковид-19дун жакыр өлкөлөргө таасири
БУУ коронавирустун пандемиясы боюнча эскертти.
БУУ коронавирустун пандемиясы, дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдө 3 айдан 6 айга чейин жогорку чегине жетиши күтүлүүдө деп билдирди.
БУУ баш катчы Антонио Гутерриштин Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүү үчүн март айында жарыялаган 2 миллиард долларлык дүйнөлүк жардам планын кеңейтти.
БУУнун гуманитардык иштер боюнча баш катчысынын орун басары Марк Локок, бул пандемиянын дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдө 3 айдан 6 айга чейин туу чокусуна жетерин болжолдогондорун белгилеп, бул өлкөлөрдө эң чоң кыйроо жана туруксуздуктун сезилээрин айтты.
Эгерде бул өлкөлөрдө тез арада чара көрүлбөсө пандемия чыр-чатакка, жакырчылыкка жана ачарчылыкка алып келээрин эскерткен Локкок, пандемиянын аялуу өлкөлөрдө жайылышынын алдын алуу үчүн 6,7 миллиард долларга муктаждык бар экенин билдирди.
БУУнун жардам программаларына пандемия менен күрөшүү мезгилинде 9 жаңы өлкө кошулду. Алар Бенин, Жибути, Либерия, Мозамбик, Пакистан, Филиппин, Сьерра-Леоне, Того жана Зимбабве.