Ирак Иран менен чек ара капкасын ачууда

Ирак жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Иран менен ортосундагы Зурбатиях чек ара капкасын соода максатында жумада эки күн ачуу чечимин чыгарды.

1412751
Ирак Иран менен чек ара капкасын ачууда

Ирак жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Иран менен ортосундагы Зурбатиях чек ара капкасын соода максатында жумада эки күн ачуу чечимин чыгарды.

Ирак чек ара капкалары мекемесинин төрагасы Өмер ел  - Ваили  берген жазуу түрүндөгү маалыматында Васит шаарындагы Зубатиях чек ара капкасынын жумада эки күн Иран  -  Ирак ортосундагы соода жолдору үчүн ачык болорун, бул эки күндө 250 жүк ташуучу машинанын өтүшүнө уруксаттын берилерин белгиледи.

Муну менен жергиликтүү базарларды  тамак  - аш жана айыл  - чарба материалдары менен камсыздоого, баалардын туруктуулугун сактап калуу максат кылынгандыгын айткан Ваили керектүү саламаттык сактоо чараларынын көрүлгөндүгүн билдирди.

Ирак чек ара капкалары мекемеси 8 -  мартта Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Иранга ачылган Еш – Шеламже, Еш  - Шит, Зурбатиях, Ел – Мунзириййе менен Мендили чек ара капкаларын жапкан.  

 



Тектеш кабарлар