Батыш өлкөлөрүндө пандемия

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 260 миңден ашты.

1412426
Батыш өлкөлөрүндө пандемия
italya koranavirus.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 260 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 800 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 257 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны 73 миңге жетти. Нью-Йорк штатында болсо 19 миңден ашуун киши Ковид-19дун себебинен көз жумуп, вирусту жуктуруп алгандардын саны 321 миңден ашты. Президент Дональд Трамп пандемия үчүн: «Өлкөбүз тарыхындагы эң жаман чабуулга дуушар болууда. Бул Перл-Харбордон (Япониянын 1941-жылы АКШга жасаган чабуулунан) жаман. 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жасалган кол салуудан дагы жаман» деп айтты.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 369га көбөйүп 29 миң 684кө жогорулады. Өлкөдө бейтаптардын саны 91 миң 528ге кыскарды.  

Англияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 649га көбөйүп жалпы 30 миң 76га жогорулады. Ал эми өлкөдө вирусту жуктуруп алгандын саны 6 миң 111ге көбөйүп 201 миң 101ге жетти.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны 25 миң 809га жетти.

Латын Америка өлкөсү Мексикада илдеттен акыркы 24 саатта 236 киши көз жумду. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1120га көбөйүп 26 миң 25ке жеткен өлкөдө 16 миң 810 киши айыкты.



Тектеш кабарлар