Иранда 5,1 баллдык жер титирөө катталды

Жер титирөөнүн 7 чакырым тереңдикте болгондугу билдирилди.

1411861
Иранда 5,1 баллдык жер титирөө катталды

Ирандын батышындагы Лористан провинциясына караштуу Фируз-Абад шаарында 5,1 баллдык жер титирөө катталды.

Тегеран университетинин сейсмология борборунун билдирүүсүнө караганда, эпицентри Лористан провинциясындагы Фируз-Абад шаары болгон күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.37де катталды.

Жер титирөөнүн 7 чакырым тереңдикте болгону айтылды.

Жер титирөөдөн жабыркагандар бар же жок экени боюнча азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар