Индонезияда 7, 3 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөөдөн кийин цунами эскертүүсү берилген жок.

1412217
Индонезияда 7, 3 баллдык жер титирөө болду

 Индонезиянын Малуку провинциясында 7, 3 баллдык жер ттирөө болду.

Индонезиянын метеорология, климат жана геофизика мекемеси эпицентри провинциянын  Малуку Тенггара Барат аймагынын 180 километр түндүк батыш жактарында болгон жер титирөөнүн жердин 133 километр тереңинде болгондугун билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жер титирөөдөн кийин аймак үчүн цунами эскертүүсүн берген жок. Жер титирөөнүн адам өмүрүн алып жана башка чыгымдарга жол ачып же ачпагандыгы тууралуу азырынча маалымат берилген жок.

Индонезияда 2018 -  жылы 28 -  сентябрда Сулавеси аралындагы Палу булуңунда болгон 7, 5 баллдык  жер титирөө жана андан кийин келген цунами Донггала, Палу менен Сиги аймактарына таасирин тийгизген. Аймактагы жер титирөө жана цунамиде 4 340 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар