Европа Биримдигинен 10 өлкөгө финансылык жардам берилет
Бул жардамдардын Европа Парламенти тарабынан да бекитилиши күтүлүүдө.
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам 10 өлкөгө жалпы 3 миллиард евролук макро финансылык жардамдын берилишин бекитти.
Европа Биримдиги Кеңеши Ковид - 19дун экономикалык таасирлерин чектөө максатында түрдүү өлкөлөргө финансылык жардам берилишин камтыган пакеттин мүчө өлкөлөр тарабынан бекитилгендигин билдирди. Маалыматта Албанияга 1820 миллион евро, Босния – Герцеговинага 250 миллион евро, Грузияга 150 миллион евро, Иорданияга 200 миллион евро, Косовага 100 миллион евро , Молдовага 100 миллион евро , Черногорияга 60 миллион евро , Түндүк Македонияга 160 миллион евро, Туниске 600 миллион евро , жана Украинага 1, 2 миллиард евро макро финансылык жардам берилери белгиленди.
Европа Биримдигинин финансылык жардамдары бул өлкөлөрдүн нормалдуу шарттарда рыноктон ала турган кредиттерге караганда дагы ылайыктуу төлөө шарттарын камтууда.
Бул жардамдардын Европа Парламенти тарабынан да бекитилиши күтүлүүдө.