Идлибде үйүнө кайткан жарандардын саны 235 миңге жакындап калды

Бул маалымат Идлибде көч көрсөткүчтөрү тууралуу иш-алып барган Сирияга кийлигишүү боюнча координаторлугунун директору Мухаммед Халлаждан алынды.

1411118
Идлибде үйүнө кайткан жарандардын саны 235 миңге жакындап калды

Сириянын Идлиб облусунда 6-мартта күчүнө кирген ок атпоодон бери 234 миң 600 жаран үйлөрүнө кайра кайтты.

Идлибде көч көрсөткүчтөрү тууралуу иш-алып барган Сирияга кийлигишүү боюнча координаторлугунун директору Мухаммед Халлаждан алынган маалыматка караганда, Асад режими жана колдоочуларынын аскердик операцияларынын токтотулушу жана ок атпоонун камсыздалган учурунда мындан мурда көчүүгө аргасыз болгон жарандардын үйлөрүнө кайтуусу уланууда.

Ок атпоодон кийин өткөн мөөнөттө 44 миңдей үй-бүлөдөн турган 234 миң 600 жаран Идлиб облусу жана элет жерлер менен Халебдин элет жерлериндеги айылдарга кайтышты.

Бирок жарылбай калган бомбалардын калдыктарды басып алуу тобокелчилиги астындагы бул жарандар, жарандык коомдук уюмдардын жардамдарына дагы деле муктаждык бар.

Бир тараптан Асад режиминин армиясы жана Иран колдогон террорист топтордон турган режим күчтөрүнүн кургактыктан илгерилеши менен үйлөрү бул күчтөрдүн көзөмөлүндөгү аймактарда калган жарандар болсо, бардык кыйынчылыктарга карабастан Түркия-Сирия багытындагы лагерлерде жашоолорун улантууну тандашууда.

Ок атпоонун уланган учурунда дагы көп жарандын үйлөрүнө кайтуусу күтүлүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин, 5-мартта Орусиянын борбор шаары Москвада жаңы макулдашуу камсыздалган. Ок атпоо 2020-жылдын 6-мартында күчүнө кирген. Режим күчтөрүнүн кээ-кээде ок атпоону бузууларына карабастан ок атпоого баш ийилүүдө.



Тектеш кабарлар