Антарктидадагы мөңгүлөрдүн эришинин өлчөмдөрү
НАСА климаттык апааттын өлчөмүн чагылдырган видеону жарыялады.
Американын космостук агенттиги (НАСА) Антарктидадагы мөңгүлөрдүн эришинен улам келип чыккан климаттык апааттын өлчөмүн чагылдырган видеону жарыялады.
НАСАнын ICESat-2 спутнигинен акыркы 16 жылда келген көрсөткүчтөр колдонулган видеодо Антарктидадагы мөңгүлөрдүн эришинен улам келип чыккан климаттык апааттын өлчөмү чагылдырылган.
ICESat-2 спутниги, лазерлердин жана сенсорлордун жардамы менен муз массаларынын глобалдык ысуудан кандайча таасир алгандыгын аныктай алат.
Спутник 2003-2019-жылдар аралыгында Антарктиканын батыш бөлүгүндөгү мөңгүлөрдүн эригенин аныктап, бул процесстин деңиз деңгээлинин 14 миллиметрге көтөрүлүшүнө себеп болгонун өлчөгөн.
Ал эми Антарктиканын чыгыш бөлүгүндө мөңгүлөрдүн көбөйгөндүгү байкалды.
Глобалдык ысуу, Антарктидада жыл сайын орто эсеп менен 120 гигатонна, Гренландияда болсо 200 гигатонна муздун жок болушуна алып келет.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.