Батыш өлкөлөрүндө күч алган коронавирус
Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 243 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 467 миңден ашты.
1409528
Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 243 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 467 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 113 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.
Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 474кө көбөйүп 28 миң 710го жетти.
Францияда COVID-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 166га көбөйүп 24 миң 760ка жогорулады.
Англияда COVID-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 621ге көбөйүп 28 миң 131ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миң 806га көбөйүп 182 миң 260ка жетти. Өлкөдө пандемия мезгилинде арткан үй-бүлөдөгү кагылышуулар менен күрөшүү үчүн фонд түзүлүп, атайын телефон байланыш багыты курулду.