Кытай АКШнын Ковид - 19 тууралуу айткандарын четке какты
Кытай жаңы тип коронавирустун Ухандагы лабораториядан чыккандыгы тууралуу сөздөрдү четке какты.
Кытай жаңы тип коронавирустун Ухандагы лабораториядан чыккандыгы тууралуу сөздөрдү четке какты.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Гэн Шуан кечээ Ухань вирусология институтунда берген маалыматында институттун Ковид - 19ду долборлоо жана жаратуу жөндөмдүүлүгүнө ээ эмес экендигин жана муну аткарбагандыгын белгиледи.
Институттун лабораториясы ар кандай патогендин чыгышын алдын алуу үчүн биологиялык коопсуздук чараларын жүргүзгөнүн баса белгилеген Гэн : "Дооматтар негизсиз жана толугу менен жасалма",- деди.
Гэн вирустун булагынын баш - аламан бир илимий маселе экендигин, илимпоздор менен профессионалдар тарабынан иликтениши керектигин айтты.
Америкалык саясатчылардын : «Кытай глобалдык эпидемиядан жооптуу» ,- деген билдирүүлөрүн сынга алган Гэн АКШнын убактысын эпидемияны дагы жакшы көзөмөлгө алуу үчүн жумшоого мажбур экендигин белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ковид - 19дун Ухандагы бир лабораторядан чыккандыгына байланыштуу далилдерди көргөндүгүн бирок азыркы тапта бөлүшпөй тургандыгын билдирген.