СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза тапкандардын саны 228 миң 400дөн ашты.

1408290
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 229 миң 300дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 248 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 16 миңден ашуун адам илдеттен айыкты.

Пандемиядан 61 миң 800 ашуун киши көз жумган АКШда Массачусетс штатында пенсиядагы аскерлер жашаган карылар үйүндө 70 кишинин коронавирустан каза табышынан кийин зарыл болгон медициналык чаралар көрүлгөн эмес деген шек менен тергөө башталды. Президент Трамп Ковид-19дан улам токтотулган саякаттардын келээрки аптадан тарта кайрадан башталаарын билдирди.

Италияда пандемиядан бир күндө 323 киши каза болуп жалпы 27 миң 682ге жогорулады. Бейтаптардын саны болсо 104 миң 657ге кыскарды. Бул учурда саламаттык сактоо министринин орун басары Пиерпаоло Силери, көп сандаган өлүм катталган карылар үйлөрүн иликтөөнүн алкагында, ар 4 карылар үйүнүн биринде олуттуу мыйзам бузуулар аныкталгандыгын маалымдады.

Испанияда коронавирустан бир күндө 268 киши каза болуп жалпы 24 миң 543кө, ооруга чалдыккандардын саны 213 миң 435ке жетти.

Францияда Ковид-19дун себебинен акыркы 24 саатта 427 киши каза болуп жалпы 24 миң 87ге жетти. Өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 626га көбөйүп 198 миң 215 болду. Өлкөнүн экономикасы пандемиянын таасири менен жылдын биринчи чейрегинде 5,8 пайыз төмөндөдү.

Англияда оорканаларда жана карылар үйлөрүндө каза тапкандардын жалпы саны 26 миң 97ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миң 76га көбөйүп 165 миң 231ге жогорулады.

Германияда дагы 7 түрк коронавирустан көз жумуп жалпы 130га жетти.

Каза тапкандардын саны 7 миң 594кө жеткен Бельгияда вируска чалдыккандардын саны 48 миң 519 деп катталды.

Нидерландияда 4 миң 795 киши каза тапты. 39 миң 316 кишиде вирус аныкталды.

3 миң 54 киши көз жумган Канадада вирусту жуктуруп алгандардын саны 51 миң 231ге жетти.

Бразилияда 449 адам каза болуп, 78 миң 162 кишиде вирус аныкталды.

 



Тектеш кабарлар