Батыш Фракияда азан айтууга вирус шылтоо кылынууда

Гүмүлжиненин шайланган муфтийи Ибрахим Шериф кээ бир кишилердин акыркы мезгилдерде айыл жана кыштактарда айтылган азандарга каршы кийлигишүүдө болгондугун белгиледи.

1407003
Батыш Фракияда азан айтууга вирус шылтоо кылынууда

 Грецияда түрк азчылыктар жашаган Батыш Фракияда жаңы тип коронавирус шылтоосу менен мунаралардан айтылган азанга  каршы аракеттер болууда.

Гүмүлжиненин шайланган муфтийи Ибрахим Шериф Анадолу агенттигине берген маалыматта аймакта кээ бир кишилердин акыркы мезгилдерде айыл жана кыштактарда айтылган азандарга каршы кийлигишүүдө болгондугун белгиледи.

Муфтий Ибрахим  Шериф : «Гүмүлжинеде көптөгөн жылдар эч кимдин тынчын албаган азан эми бирөөлөрдүн тынчын алып жатат. Вирус менен күрөш шылтоолонуп микрофондордун жөндөөлөрү менен ойнолуп жатат. Азан айткандар да тынчсызданууда»,- деди.

Шериф : «Эпидемия менен күрөшүүнүн  негизинде  мечиттерибиз жабык болгон бул мезгилде жасалып жаткан бул кийлигишүү азчылык коомдо тынчсызданууга себеп болуп жатат. Эпидемия менен күрөшүүдө азан үнүнүн кандай байланышы бар экендигин түшүнүү мүмкүн эмес. Бул диний жана ыбадат эркиндиги менен дал келбеген кабыл алынгыс бир абал»,- деди.



Тектеш кабарлар