Батыш өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 52 миңге чукулдап калды.

1405397
Батыш өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 203 миң 300дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 923 миңге чукулдап калды. Ал эми 837 миңден ашуун киши айыгып чыкты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 52 миңге чукулдап калды.  Вирустан эң көп таасирленген Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо, Губернаторлуктун  токтому менен штаттагы дарыканаларга (Ковид-19)  тест  жасоо ыйгарым укугун берди.

Италияда пандемиядан көз жумгандардын саны бир күндө 415ке көбөйүп 26 миң 384кө жогорулады. Ушул убакка чейин каза болгондордун арасында 150 доктур бар. Өлкөдө бейтаптардын санында аптанын башынан бери азаюу көрүнүүдө. Учурда вирус аныкталган 105 миң 847 киши бар.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 369га көбөйүп, жалпы 22 миң 614кө жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны да 1537ге көбөйүп жалпы 186 миң 358ге жетти.

Бразилияда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 346га көбөйүп 4 миң 16га, илдеттке чалдыккандардын саны 5 миң 514кө көбөйүп 58 миң 509 болду.

186 киши каза тапкан, 3 миң 780 киши инфекцияга кабылган Аргентинада, пандемия менен күрөшүү үчүн 20-мартта жарыяланган карантин 3-жолу узартылды. Мамлекет башчысы Альберто Фернандес, алгач 12-апрель, андан соң 26-апрелге чейин узартылган алдын алуучу жана мажбур изоляциянын 10-майга чейин улана турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар