Чыгыш өлкөлөрү COVID-19 менен күрөшүүсүн улантууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 185 миң 500дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 661 миң 500дөн ашты.

1404255
Чыгыш өлкөлөрү COVID-19 менен күрөшүүсүн улантууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 185 миң 500дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 661 миң 500дөн ашты. Ал эми 730 миң 843төн ашуун киши айыгып чыкты.

Бүгүн каза болгон учур катталбаган Кытайда ушул убакка дейре пандемиянын себебинен 4 миң 632 киши каза болду, жуктуруп алгандардын саны 82 миң 798 болду. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Ковид-19 менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү максаты менен уюмга 30 миллион доллар кошумча карымдуулук жасалышына чечим чыгарылганын жарыялады.

Иранда акыркы күндөрдө вирустун себебинен каза болгондордун саны 100дүн астына түштү. Акыркы 24 саатта 90 киши каза болушу менен жалпы саны 5 миң 481ге жогорулады. Жалпы жуктуруп алгандардын саны 87 миң 26 болду.

Израилде пандемиянын себебинен 189 киши каза болуп, 14 миң 498 киши вируска кабылды. Израиль армиясы курчоо астындагы Газа тилкесинен жөнөтүлгөн үлгүлөргө жасалган жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) тесттерин токтотту. Израилдин Маариф гезитинде орун алган кабарда токтотулган тесттерге качан кайра баштала турганы тууралуу маалымат болсо орун албагандыгы билдирилди. Палестинанын Саламттык сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү өлкөдөгү Ковид-19 жуктуруп алгандарынын санынын 449га жеткенин жарыялаган.

Индонезияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 19га көбөйүп 635ке, жуктуруп алгандардын саны 283кө көбөйүп 7 миң 418ге жетти. Борбор шаар Жакарта үчүн алгачкы баскычта 10-24-апрель күндөрү деп белгиленген чектөөлөр, саламаттык сактоо уюмдары жана адистердин пикирлери боюнча дагы 28 күнгө узартылды.

58 киши каза болгон Түштүк Африка Республикасы 26-марттан бери ишке ашырылган өзгөчө абал тартиби үчүн полициялык уюмга колдоо көрсөтүү максатында 73 миң аскерди милдеттендирди.

Каза болгондор 38 деп жарыяланган Тунисте жуктуруп алгандардын саны 909га жогорулады.

Бахрейнде дагы 54 киши вирусту жуктуруп алышы менен жалпы жуктуруп алгандардын санынын 2 миң 27ге жогорулаганы белгиленди. Бир тараптан Бахрейн башкаруучулугу өлкөдө ишке ашырылган жалпы карантиндин бүгүндөн баштап 7-майга чейин 2 аптага узартылышына чечим чыгарды.

Африка материгинде 1250 киши вирустун себебинен каза тапты, орто эсеп менен 26 миңдей жуктуруп алгандар катталды. Африкадагы ооруну текшерүү жана чара көрүү борборунун директору д-р Жон Нкенгасонг, материкте жакынкы убакта дем алуу аппараты болбогон өлкө калбай турганын билдирди.

Айрым чыгыш өлкөлөрүндөгү каза тапкандар жана жуктуруп алгандардын саны мындай:

Индияда 681/21797, Орусия 513/57999, Жапония 312/12662, Түштүк Корея 240/10702, Пакистан 224/10513, Сауд Арабия 114/11772, Сигапур 12/10141, Марокко 151/3537, кувейт 14/2399, катар 10/7764, Ливан 22/688.



Тектеш кабарлар