Covid-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 178 миң 677ге жетти.

1403546
Covid-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 178 миң 677ге , вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 576 миң 137ге жетти. Ал эми 704 миң 184 миңден ашуун киши айыгып чыкты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Covid-19дун себебинен каза тапкандардын саны 44 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 800 миңден ашты. Медайымдар Ак үйдүн алдында жеке коргоочу шаймандардын жоктугун билдиришти. Бул учурда АКШ Сенаты Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында 484 миллиард долларлык кошумча бюджет долбоорун кабыл алды. Миссури штаты болсо коранавирус пандемиясы жөнүндө дүйнөгө калп айтып жатат деп айыптаган Кытай өкмөтүн сотко берди.

Италияда пандемиядан көз жумгандардын саны бир күндө 534кө көбөйүп 24 миң 648ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 183 миң 957ге жогорулады. Ал эми айыккандардын саны рекорддук өсүү менен 51 миң 600гө жетти.

Испанияда 24 саатта 435 киши көз жумуп жалпы 21 миң 717 болду.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта ооруканаларда 12 миң 900, карылар үйүндө 7 миң 896 болуп жалпы 20 миң 796га жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 181 миң 441ге көбөйдү.

Англияда бир күндө 823 адам көз жумуп каза тапкандардын жалпы саны 17 миң 337ге жетти.

Канадада коронавирустан каза тапкандардын саны 1 миң 884кө жогорулады. Алардын 1 миң 41и Квебек аймагында катталды.

Германияда каза тапкандардын саны 5 миң 86га жетти.

Бразилияда Ковид-19дун айынан 2 миң 741 киши көз жумду, 43 миң 79 кишиде вирус аныкталды.

Австралияда илдеттен 74 киши каза болду. Жаңы Зеландияда болсо каза тапкандардын саны 14кө, ооруга чалдыккандардын саны 1 миң 45ге жетти.

Чехияда ушул күнгө чейин 204 адам көз жумду, 7 миң 41 кишиде вирус табылды.

404 киши каза тапкан Польшада вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миң 34кө жетти. Сербияда 130 киши оорудан көз жумду.



Тектеш кабарлар