Израиль аскерлери бир палестиналыкты жаралады

Кудстагы бир ооруканага жаткырылган палестиналыктын абалына байланыштуу маалымат берилген жок.

1402444
Израиль аскерлери бир палестиналыкты жаралады

Басып алынган Батыш Шерианын түштүгүндө бир еврей отурукташуу жеринде палестиналык бир жаш жигит Израиль аскерлеринин атуусу менен жараланды. «Едиот Ахронот» гезитинин кабарына караганда Израиль аскерлери Бейтуллахимдин түштүк  - чыгышындагы Текоа отурукташуу жеринде израилдиктердин унааларына колдо жасалган гранаталарды ыргытты деген негиз менен 2 палестиналык жаш жигитке карай ок атты.

Чыныгы октордун жаштардын бирине келип тийгендиги, бирөөсүнүн болсо качып кутулгандыгы белгиленди. Кабарда Кудстагы бир ооруканага жаткырылган палестиналыктын абалына байланыштуу маалымат берилген жок.

 



Тектеш кабарлар