Ооганстанда кагылышуулар күч алууда

Ооганстанда бир тараптан Талибан террористтери менен атышуулар, экинчи тараптан жардыруулар болуп жатат.

1401751
Ооганстанда кагылышуулар күч алууда

 

Талибан террористтеринин Ооганстандын Тахар провинциясынын Хожаи Гар районундагы аскердик коопсуздук пунктуна кол салуусунда 17 күзөтчү аскер кызматкери набыт болду.

Ооганстандын Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Хожаи Гардын Тепеи Хава Шинаси аймагындагы аскердик коопсуздук пунктуна террористтердин кол салганы белгиленди.

Кол салууда 17 күзөтчү аскер кызматкери курман болгону, экөө жаракат алганы маалымдалган жарыяда, кол салуулардын артынан ок атышуулар болуп Талибандын дагы оор жоготууга учурагандыгы маалымдалды.

Талибандан бул тема тууралуу маалымат берилген жок.

Бир тараптан Пактика провинциясынын Бармал районунда болгон бомбалуу кол салууда  6 жаран каза тапты.

203-Тандер корпус командирлигинин басма сөз катчысы Имал Муманд, басма сөзгө берген маалыматында Бармал районунун Мерге айылында жолдун боюна жайгаштырылган бомбанын, жарандарды ташыган унаанын аймактан өткөн убагында жарылганы белгиленди.

Кол салууда 6 жаран каза болгонун айткан Муманд, кол салуудан Талибанды жоопту көрдү.

Кол салууну моюнга алган эч ким болгон жок.



Тектеш кабарлар