Кытай Covid-19дун лабораториядан чыкканы жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарууда

Кытайдын CGTN (China Global Television Network) телеберүүсүнүн кабарына караганда Ухань вирология институтунун директору Юэн Циминг, Covid-19дун лабораториясынан чыкканы жөнүндөгү айтымдар адамдардын башын айлантып жатканын маалымдады.

1401812
Кытай Covid-19дун лабораториядан чыкканы жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарууда

Кытайдагы Ухань вирология институту Американын медиасындагы жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19) лабораториядан чыкканы жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарууда.

Кытайдын CGTN (China Global Television Network) телеберүүсүнүн кабарына караганда институттун директору Юэн Циминг, Covid-19дун лабораториясынан чыкканы жөнүндөгү айтымдардын адамдардын башын айлантып жана Кытайдын пандемия менен күрөшүү жана илимий иштерине кийлигишүү максаты менен болуп жатканын айтты.

Институттун курамында иш алып барган Ухань Улуттук биокоопсуздук лабораториясында (Ухань Р4 лабораториялары) кайсы вирустар боюнча иштеп жаткандыгын билгендерин белгилеген Юэн Циминг: «Мындан мурда да айтканым сыяктуу вирустун бизден чыккан болушу мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Директор Циминг, вирустун адам колу менен жасалганы тууралуу болсо, «Чындап эле көп сандаган академиялык журналдарда макалалар бар. Менин жеке вирология түшүнүгүмө караганда вирустун жасалма же синтетикалык издери болгонун далилдей турган эч бир далил жок»,-деп айтты.

Covid-19дун лабораториядан чыгарылганын айтып чыккандардын кандайдыр бир далили же маалыматы болбогонун айткан Юэн Циминг, айтымдардын толугу менен спекуляцияга таянганын жактады.

Циминг, Covid-19дун эч бир лаборатория кызматкерине жукпагандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар