Ливияда Хафтер күчтөрү Триполинин чыгыш жагына ракета менен кол салды

Бул тууралуу БУУ тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу Каардуу жанар тоо операциясынын басма сөз борборунан жазуу түрүндө маалымат берилди.

1401052
Ливияда Хафтер күчтөрү Триполинин чыгыш жагына ракета менен кол салды

Ливиянын чыгышындагы расмий эмес куралчан топтордун лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтердин борбор шаар Триполинин чыгыш жагына «Град» рекатасы менен кол салуусунан 10 киши жаракат алды.

БУУ тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу Каардуу жанар тоо операциясынын басма сөз борборунун жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Хафтер террористтеринин Арраде аймагына кол салуусунан 4ү баладан турган 10 кишинин жаркат алганы белгиленди.

Анда сөз болгон кол салуунун Хафтер террористтеринин жоготуусунун өчүн алуу максатындагы кол салууларынын бир бөлүгү болгону айтылды.

Өкмөт күчтөрү, кечээ борбор шаар Триполинин түштүк чыгышындагы Терхуне шаарын кайтарып алыш үчүн Хафтер террористтерине каршы операция баштап, 102 террористти туткунга алган.

Согуштук учактары Хафтер террористтерине таандык куралдуу унааны жана Бириккен Араб Эмирликтерине таандык бир зооттолгон унааны атып, Улуттук ынтымак өкмөтүнүн күчтөрү Гаубиц замбиреги, 4 танк, 4 аскердик унаа жана 1 минемотун дагы колго түшүргөн.

Бир тараптан Ливияда Улуттук ынтымак өкмөтүнө караштуу бөлүктөр Мисрата шаарынын чыгыш жагында Халифе Хафтер террористтерине таандык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрдү.

Ливия армиясынын басма сөз катчысы Мухаммед Кануни, Мисратанын чыгыш жагындагы Эбукурейн багытына кол салуу даярдыгы болгон учкучсуз учуучу аппараттын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар