Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Коронавирус ылдам түрдө жайылууну улантууда.

1399942
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 147 000ди, вирус жугузгандардын саны 2 миллион 200 000ден ашты. Айыккандардын саны 558 000ге жетти.

Кытайдын Ухань шаарында ортого чыккан Ковид  - 1-дан каза болгондордун саны 3869га жетти. 

Иранда эпидемиядан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 89 кишиге көбөйүп 4958ге жогорулады. 

Кудус Исламдык Фонддор Кеңеши коронавирустун айынан Месжид-и Аксанын рамазан айында да ыбадатка ачылбай тургандыгын жарыялады. Месжиди АксаКовид- 19дан улам 22 -мартта Кудс Исламдык Фонддор башкармалыгы тарабынан ыбадатка толугу менен жабылган.

Казакстанда 17 киши каза болуп, 21 кишинин дагы вирус жугузушу менен жалпы вирус жугузган киши саны 362ге жетти.

Молдовада 53 киши каза болуп алардын ичинен 2 киши саламаттык сатктоо кызматкерлери. 105 кишиде да вирус аныкталды.

Белорусияда 40 киши каза болду. Вирус жугузган киши саны 4204кө жетти. Өлкөдө Ковид- 19 вирусун жугузган 3 аялдын бөбөгү ден соолугу таза төрөлдү.

Азербайжанда болсо 15 киши каза болуп вирус жуугузган киши саны 283кө жетти.

11 киши вирустан каза болгон Кенияда командатнттык саат эрежесин бузган 12 киши полиция тарабынан өлтүрүлдү.

Африка материгинде ушул кезге чейин 962 киши вирустан каза болсо, вирус жугузган киши саны 18333кө жогорулады. БУУ Африка Экономикалык Комиссиясы Африкада жетеринче чара көрүлбөсө вирустан эң аз 300 000 – 3, 3 миллиондун арасында кишинин каза болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Индияда ушул күнгө чейин вирустан 448 киши каза болуп, 13 459 кишиде вирус аныкталды. 

 

 



Тектеш кабарлар