Гутерриш: «Коркунучтуу ыплас маалымат пандемиясы менен бетме-бет келдик»
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш видеолуу билдирүү жарыялады.
1398576
![Гутерриш: «Коркунучтуу ыплас маалымат пандемиясы менен бетме-бет келдик»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c5d0/2713/703c/5e96c5a611d5f.jpg?time=1718751749)
БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш видеолуу билдирүү жарыялап, жаңы типтеги коронавирус пандемиясына байланыштуу ыплас маалыматтарга каршы эскертти.
Күч алган ыплас маалыматтардын адамдардын жашоосуна дагы көп коркунуч туудурганына көңүл бурган Гутерриш, пандемиядан тынчсызданган көп сандаган адамдын туура маалыматтандырылышы керектигин баса белгиледи.
«Дүйнө жүзү өлтүрүүчү Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүп жатканда, бир эле учурда коркунучтуу ыплас маалымат пандемиясы менен бетме-бет келдик»- деп эскерткен Гутерриш, Ковид-19га каршы илимдин артында биригүүгө чакырды.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718751749)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.