Путин: «Орус экономикасы олуттуу кысымдын астында»

Путин борбор шаар Москвада өлкөнүн экономикасына байланыштуу тийиштүү жетекчилер менен видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйында маалымат берди.

1398102
Путин: «Орус экономикасы олуттуу кысымдын астында»

Орусиянын президенти Владимир Путин, жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен өлкөнүн экономикасы жана ишканалардын олуттуу кысымдын астында экенин айтты.

Путин борбор шаар Москвада өлкөнүн экономикасына байланыштуу тийиштүү жетекчилер менен видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйында маалымат берди.

Ковид-19 пандемиясынын себебинен азайган талаптын Орусия жана берки өлкөлөр үчүн абдан орчундуу маселе экенин баса белгилеген Путин: «Орусиядагы чекене соода апрель айында 35 пайыз төмөндөдү. Бул бир эле учурда рыноктун канчалык тездик менен кыскаргандыгын көрсөтүүдө»,- деди.

Өлкөдөгү негизги банктарда жаңы ипотекалык насыялардын да ылдам түрдө төмөндөгөнүн баса белгилеген Путин: «Бул абал ишканалар үчүн шок жаратты. Бирок бул өкмөт үчүн бирдей шок жаратпашы керек»,-деп айтты.

Дүйнөлүк экономикада болуп жаткандай эле орус экономикасында да кыйынчылыктар болуп жатканын билдирген Путин: «Орус экономикасы жана ишканалар олуттуу кысымдын астында турат. Ковид-19 пандемиясы соода-сатыкка жана жумуш күчүнө терс таасирин тийгизди жана таасирин улантып жатат. Бирок биздин кризиске каршы керектүү чара көрүүлөр жана резервдерибиз бар. Бул булактарды натыйжалуу пайдаланышыбыз керек»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар