ЮНИСЕФ кызамык эмдөөсү боюнча эскертти

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө коронавирустун жайылуусуна байланыштуу кызамыкка каршы эмдөө иштери 24 өлкөдө кечеңдеп жатканы белгиленди.

1397924
ЮНИСЕФ кызамык эмдөөсү боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) айынан кызмамыкка  каршы эмдөө кампаниясын кечеңдетүүнүн 117 миллион балага таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертти.

ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө коронавирустун жайылуусуна байланыштуу кызамыкка каршы эмдөө иштери 24 өлкөдө кечеңдеп жатканы белгиленди.

Эмдөө кампанияларынын кечеңдетилиши 117 миллондон ашуун балага таасир тийгизери эскертилген  маалыматта эмдөө кызматтарынын коргоого алынышы жана улантылышы керектиги баса белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун билдирүүсү боюнча 50 жылдан ашуун убакыттан бери ишенимдүү жана таасирдүү эмдөөлөргө карабастан акыркы жылдарда кызамык оорулары көбөйүп, 2018 – жылы аракеттерге карабастан 140 миңден ашуун киши каза болгон. Булардын көпчүлүгү балдар.



Тектеш кабарлар