Коронавирустун убайын тарткан өлкөлөр...

Ковид-19 пандемиясы пайда болгон Кытайда акыркы 24 саатта 2 киши каза тапты, 108 киши жуктурган учур катталды.

1397397
Коронавирустун убайын тарткан өлкөлөр...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 115 миң 286га жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 864 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 430 миңден ашты.

Ковид-19 пандемиясы пайда болгон Кытайда акыркы 24 саатта 2 киши каза тапты, 108 киши жуктурган учур катталды. Кытайда пандемиянын башынан бери вирустун себебинен каза болгондордун саны 3 миң 341ге, инфекцияга чалдыккандардын саны 82 миң 160ка жогорулады. Ал эми айыккандардын жалпы саны 77 миң 663кө жетти.

Жапонияда коронавирустун себебинен каза тапкандарлын саны 137, жуктуруп алгандарлын саны эң аз 7 миң 400 болду. Коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында өткөн аптада айрым аймактарда өзгөчө кырдаал жарыялаган өлкө, бул ишке ашырууну азырынча башка аймактарга кеңейтүү пландарынын жок экенин жарыялады.

Орусияда коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 148ге, жуктуруп алгандардын саны 2 миң 588ге көбөйүп 18 миң 328ге жогорулады.

Иранда акыркы 24 саатта жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза болгондордун саны 111ге көбөйүп 4 миң 585ке жогорулады. Саламаттык сактоо министри Саид Немеки, Ковид-19 менен күрөшүүдө кудум эле шахмат ойногон сыяктуу болгондорун, май айынын акырында пандемиянын биринчи толкунун токтотууну үмүт кылгандарын белгилеп, күз жана кыш айларында пандемиянын жаңы толкунунун келип чыгышы мүмкүн экенин айтты.

Алжирде дагы 18 киши ковид-19дан каза таап жалпы каза болгондор 293кө жогорулады.1914 жуктуруп алган аныкталган өлкөдө айыгып чыккандардын саны 591ге жетти.

Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 76 болгон Иракта, 34 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын жалпы саны 1352ге жогорулады.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги дагы 20 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын санынын 288ге жогорулаганын жарыялады.

Христиандардын Азирети Исанын Кудска киришин майрамдаган Пальма жекшембиси майрамы иш-чаралары Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында Батыш Шериада чиркөөнүн тышында өттү.

Израилде Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 110го, жуктуруп алгандардын саны 11 миң 235ке жогорулады.  79 жаштагы мурдагы хахамбашы Элияху Бакши коронавирустун себебинен көз жумду.

Египеттин саламаттык сактоо министрлиги 145 кишиге Ковид-19 диагнозу коюлушу менен бирге жуктуруп алгандардын саны 2065 болгону маалымдалды.

7 киши көз жумган Катарда жуктуруп алгандардын саны 3 миңге жетти.

Бахрейнде 1087, Бирккен Араб Эмирликтеринде болсо 4 миң 123 Ковид-19ду жуктуруп алган бейтаптар бар.

2 киши каза тапкан 19 киши инфекцияга чалдыккан Суданда өкмөт, коронавирус менен күрөшүү боюнча саламаттык сактоо кызматкерлерине зомбулук кылынышынын алдын алуу жана зыян тартуу болбошу үчүн өзгөчө кырдаал мыйзамын чыгартты.

Айрым араб өлкөлөрүндө каза тапкандар жана жуктуруп алгандар мындай; Марокко 120/1746, Тунис 31/707,Кувейт 2/1300, Оманда 4/727.

93 киши каза болгон, инфекцияга кабылгандардын саны 5 миң 374 болгон Пакистанда,Конституциялык сот, пандемияга карата көрүлгөн чаралар тууралуу суракка чакырган кабинет мүчөлөрүнөн Саламаттык сактоо министри Зафер Мирзанын кызматтан алынышы үчүн өкмөткө жазуу жазылышына өкүм чыгарды. Сот төрагасы өкмөттүн пандемия менен күрөшүүдө таасирсиз кадамдарды таштаганын белгилеп, вирус менен күрөшүүдө кызматынын туура адамдар менен жүргүзүлбөгөндүгү баасын берди.

Таиландда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 40ка, жуктуруп алгандардын саны 2 миң 579га жогорулады.

126 кишиде вирус аныкталган Руандада болсо пандемия менен күрөшүү, учкучсуз учуучу унаалардан пайдаланылат. Алыс аймактардагы коомчулуктарга  Ковид-19га каршы көрүлө турган чаралар учкучсуз учуучу аппараттар менен угузулат.

Филиппинде жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 315ке жогорулады. 284 жаңы жуктурган учур катталып жалпы илдеттке чалдыккандардын саны 4 миң 932ге жетти.

Каза болгондордун саны 399га жеткен Индонезияда акыркы 24 саатты 316 жаңы жуктурган учур катталып, жалпы жуктуруп алгандардын саны 4 миң 557ге жогорулады.

Бурундиде ушул убакка дейре кездешилген жалпы 5 Ковид-19 бейтабынан бири өлүм менен натыйжаланды.

Йемендеги Иран колдогон Хусилер, Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында көзөмөлү астындагы аймактарда 1 айдын ичинде 2 миң 361 кишини эркин кое бергендерин жарыялады.

3 киши каза болгон, 71 кишиде вирус аныкталган Сауд Арабиянын жаңы типтеги коронавирус пандемиясы убагында эфиопиялык миңдеген мигрантты өлкөсүнө жөнөткөнү маалымдалды.

Африка материгинде жаңы типтеги коронавирустан 788 киши каза таап, 14 миң 528 кишиде вирус аныкталды.



Тектеш кабарлар