Коронавируска каршы чара көрүүлөр уланууда...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 110 миң 827ге жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты.

1396869
Коронавируска каршы чара көрүүлөр уланууда...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 110 миң 827ге жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 412 миңден ашты.

Ковид-19 пандемиясы пайда болгон Кытайда акыркы 24 саатта 2 киши каза тапты, 108 киши жуктурган учур катталды. Кытайда пандемиянын башынан бери вирустун себебинен каза болгондордун саны 3 миң 341ге, инфекцияга чалдыккандардын саны 82 миң 160ка жогорулады. Ал эми айыккандардын жалпы саны 77 миң 663кө жетти.

Алжирде дагы 18 киши ковид-19дан каза таап жалпы каза болгондор 293кө жогорулады.1914 жуктуруп алган аныкталган өлкөдө айыгып чыккандардын саны 591ге жетти.

Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 76 болгон Иракта, 34 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын жалпы саны 1352ге жогорулады.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги дагы 20 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жуктуруп алгандардын санынын 288ге жогорулаганын жарыялады.

Христиандардын Азирети Исанын Кудска киришин майрамдаган Пальма жекшембиси майрамы иш-чаралары Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында Батыш Шериада чиркөөнүн тышында өттү.

Израилде Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 103кө, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 878ге жогорулады. 79 жаштагы мурдагы хахамбашы Элияху Бакши коронавирустун себебинен көз жумду.

Египеттин саламаттык сактоо министрлиги 145 кишиге Ковид-19 диагнозу коюлушу менен бирге жуктуруп алгандардын саны 2065 болгону маалымдалды.

7 киши көз жумган Катарда жуктуруп алгандардын саны 3 миңге жетти.

Оманда 599, Бахрейнде 1087, Бирккен Араб Эмирликтеринде болсо 4 миң 123 Ковид-19ду жуктуруп алган бейтаптар бар.

2 киши каза тапкан 19 киши инфекцияга чалдыккан Суданда өкмөт, коронавирус менен күрөшүү боюнча саламаттык сактоо кызматкерлерине зомбулук кылынышынын алдын алуу жана зыян тартуу болбошу үчүн өзгөчө кырдаал мыйзамы чыгарылды.

Таиландда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 40ка, жуктуруп алгандардын саны 2 миң 579га жогорулады.

126 кишиде вирус аныкталган Руандада болсо пандемия менен күрөшүү, учкучсуз учуучу унаалардан пайдаланылат. Алыс аймактардагы коомчулуктарга  Ковид-19га каршы көрүлө турган чаралар учкучсуз учуучу аппараттар менен угузулат.



Тектеш кабарлар