Дүйнөдө COVID-19дан айыккандардын саны 430 миңден ашты

Дүйнөнүн  жалпысында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 861 миң 672ге жетти.

1397069
Дүйнөдө COVID-19дан айыккандардын саны 430 миңден ашты

Жаңы типтеги коронавирус аныкталган өлкө жана аймактардагы жаңы бейтаптарга байланыштуу көрсөткүчтөрдү чогулткан "Worldometer" интернет баракчасына караганда, дүйнөдө 431 миң 536 киши вирусту жеңди.

Айыккандар Кытайда көп катталды. Өлкөдө Ковид-19га чалдыккан 77 миң 663 киши айыгып чыкты.

Кытайдан кийин эң көп бейтап айыккан өлкөлөр болсо кезеги менен Испания (64 миң 727), Германия (64 миң 300), Иран (43 миң 894), Италия (34 миң 211), АКШ (32 миң 634) жана Франция (27 миң 186) болду.

Дүйнөнүн  жалпысында Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 861 миң 672ге жетсе, вирустун айынан 114 миң 980 адам каза тапты.



Тектеш кабарлар