Дүйнөдө СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүү...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 107 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 783 миңден ашты.

1396372
Дүйнөдө СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүү...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 107 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 783 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 400 миңге жетти.

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 619 кишиге көбөйүп 19 миң 468ге жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 100 миң 269га жеткен өлкөдө Милан шаары жана чөйрөсүндөгү карылар үйлөрүндө Ковид-19дун себебинен каза болгондордун жакындарынан келген даттануулар боюнча пандемияга чара көрө көрбөө жана өлүмдөргө жол ачканы айтымдары менен териштирүүлөр башталууда.

Францияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 643 кишиге көбөйүп 13 миң 832ге жогорулады. Вирус аныкталган киши саны болсо акыркы 24 саатта 3 миң 114 кишиге көбөйүп 93 миң 790 болду. Бир тараптан Франциянын эмгек министри Мюриэль Пенико, өлкөдө вирустун себебеинен жумушсуз калгандардын саны 8 миллионго жогорулаганын белгиледи. Жумуштан чыгарылгандар дүң эмгек акысынын 70 пайызын мамлекеттен жумушсуздук айлыгы катары алат.

Англияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 917ге өкбөйүп 9 миң 875 болду, жуктуруп алгандардын саны 5 миң 234кө көбөйүп 78 миң 991 деп жарыяланды. Өлкөдө аптанын башында мөөнөтү толо турган чектелген карантиндин узартылышы күтүлүп жатканда, элдин тышка чыкпоо боюнча эскертүүлөрдү этибарга албагандыгы көрүнүүдө.

Айрым Европа өлкөлөрүндө каза болгондор боюнча көрсөткүч мындай;

Испанияда 16606, Бельгияда 3346, Нидерландияда 2643, Швейцарияда 1003, Швецияда 887, Португалияда 470, Австрияда 337, Данияда 260, Польшада 195, Чехияда 123.

Балкан өлкөлөрүнөн Босния-Герцеговина каза болгондордун саны 37ге, Румынияда 282ге, Сербияда 71ге, Болгарияда 26га, Түндүк Македонияда34кө жетсе, Хорватияда акыркы 24 саатта өлүм учуру катталган жок.

АКШда Ковид-19 пандемиясында  каза тапкандардын саны 20577ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 532 миң 879га жогорулады. АКШнын Вайоминг штатында да апаат жарыяланды. Ушундайча Дональд Трамп, 50 штатта бир убакта апаат жарыялаган АКШнын алгачкы президенти болду.

Австралияда дагы 3 киши Ковид-19дун себебинен каза болушу менен каза тапкандарын саны 59га жетти.

Жаңы Зеландияда бүгүн вируска чалдыкканы аныкталган 18 киши менен бирге өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 1330га жетти.



Тектеш кабарлар