Ковид - 19дун батышта жайылышы

Жаңы тип коронавирустан каза болгондордун жалпы дүйнөдөгү саны 100 000ден, айыккандардын саны 370 000ден ашты.

1395804
Ковид  - 19дун батышта жайылышы

Жаңы тип коронавирустан каза болгондордун жалпы дүйнөдөгү саны 100 000ден,  вирус жуугзгандардын саны 1 миллион 700 000ден, айыккандардын саны 370 000ден ашты.

Италияда Ковид- 19дан каза болгондордун саны 24 саатта 980ге өсүп 8958ге жетти. Өлкөдө эпидемияга каршы бир айдан бери келе жаткан карантин чаралары 3 – майга чейин узартылды.

Премьер - министр Жузеппе Конте Чигиде өткөргөн пресс- жыйынында : «Көрүлгөн чаралар жыйынтыгын берүүдө. Чектөөчү чаралар 3 -майга чейин узартылды. Бул кыйын бир чечим бирок керектүү. Бул жерде бардык саясий жоопкерчиликти мойнума аламын.Азыркы тапта баш тарта турган болсок алган бардык оң натыйжаларды жоготобуз жана кайра башына кайтуу риски менен бетме- бет келебиз»,- деди.

Ватиканда кечээ коронавирустун айынан "Ажылык жолу сыйынуусу" кишилер болбостон өткөрүлдү. 

Испанияда Ковид  - 19 вирусунан 16353 киши каза тапты. 

 

Францияда Ковид- 19 эпидемиясынан каза болгондордун саны 24 саатта 987 кишиге өсүп 13197ге жогорулады. Өлкөдө вирус аныкталган киши саны акыркы 24 саатта 4342 кишиге өсүп жалпы 90676га жетти.

Британияда Ковид- 19дан каза болгондордун саны 8958ге жетти. Ооруканада дарылангандардын саны 16 784төн 19 304кө жогорулады. Guardian гезити карылар үйүндө Ковид- 19дан каза болгон 1000ге жакын кишинин каттоого өтпөгөндүгүн жазды.

Бельгияда 24 саатта вирустан каза болгондордун жалпы саны 3346га жогорулады. вирус жугузгандардын саны да 1351ге артып 28 миң 18ге чыкты. 

Ковид – 19 вирусунун борбору болгон АКШда эпидемияданказа болгондор 24 сааттын ичинде 1878ге өсүп жалпы 16 686га жогорулады. Вирус жуккан киши саны 466 299га жетти. Жалпы өлкөдө Ковид- 19 диагнозу коюлгандан кийин айыккандардын саны 26000ден ашты.

Президент Дональд Трамп абал тууралуу : «Өлкөбүз чоң бир апаатын ортосунда»,- деген сөздөрдү айтып үмүт берип : «Бирок абалдын жакшырып бара жаткандыгына байланыштуу белгилердикөрүп жатабыз», - деди. Трамп Ковид- 19 менен күрөшүү күчүнүн Ак үйдө өткөргөн пресс- жыйынында эпидемия тууралуу өлкөдөгү алгачкы божомолдордун терсине вирустан каза болгондордун саны 100 000ден дагы аз болушу мүмкүн экендигин айтты. Бир тараптан АКШнын кургактык күчтөр командирлиги 800миң аскердин Ковид- 19 эпидемиясы менен күрөшүү үчүн чакыргандыгын, булардан ушул кезге чейин 25 000нин оң жооп бергендигин айтты.

600 миллион калктуу Латын Америкада 2218 киши каза болуп, 54953 кишиде вирус аныкталды. 1057 киши каза болуп, 19638 киши вирус жугузган Бразилия «аймакта эпидемиядан эң көп таасирленген өлкө» катары алдыга чыкты.

Аймактын башка өлкөлөрүндө вирустан каза тапкандар жана вирус жугузган киши саны төмөнкүчө болду :

Эквадордо каза болгон киши саны 297, вирус жугузган киши саны 7 161, Чилиде каза болгон киши саны 65, вирус жугузган киши саны 6 501, Перуда каза болгон киши саны 169, вирус жугузган киши саны 5897, Колумбияда каза болгон киши саны 69, вирус жугузган киши саны 2 223, Аргентинада каза болгон киши саны 81, вирус жугузган киши саны 1894, Уругвайда каза болгон киши саны 7, вирус жугузган киши саны 473, Боливияда каза болгон киши саны 19, вирус жугузган киши саны 268, Венесуэлада каза болгон киши саны 9, вирус жугузган киши саны 171, Парагвайда каза болгон киши саны 6 , вирус жугузган киши саны 129, Mексикада каза болгон киши саны 194 , вирус жугузган киши саны 3441, Панама 66, вирус жугузган киши саны 2 752, Доминикан республикасыда каза болгон киши саны 126 , вирус жугузган киши саны 2 620, Kубада каза болгон киши саны 15, вирус жугузган киши саны 564, Коста Рикада каза болгон киши саны 3 , вирус жугузган киши саны 558, Гондураста каза болгон киши саны 23 вирус жугузган киши саны 382, Гватемалада каза болгон киши саны 3, вирус жугузган киши саны 126, Сальвадордо каза болгон киши саны 6 , вирус жугузган киши саны 117, Гаитиде каза болгон киши саны 2, вирус жугузган киши саны 31 жана Никарагуада каза болгон киши саны 1, вирус жугузган киши саны 7.

Канадада жаңы тип коронавирус эпидемиясынан каза болгондордун саны 103 кишиге артып 579га, вирус жугузган киши саны 22 миң 46га жогорулады.

Аргентинанын мамлекет башчысы Альберто Фернандезс Ковид  - 19 вирсунан улам 20 -  мартта жарыяланагн жана оболу 12 -  апрелге чейин узартылган карантиндин 26 -  апрелге чейин узартылгандыгын билдирди. 

Канадада коронавирустан каза болгондордун саны 579га, вирус жугузган киши саны 22 миң 46га жетти. 

Австралияда Ковид  - 19 вирусунан каза болгондордун саны 56га жогорулады. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар