Трамп телефон аркылуу Путин жана Салман менен сүйлөштү

Сүйлөшүү бир жарым саатка созулду.

1395372
Трамп телефон аркылуу Путин жана Салман менен сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен мунай бааларын сүйлөштү.

Трамп жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү боюнча кызмат күчүнүн күнүмдүк маалымат жыйынында король Салман жана Путин менен бүгүн бир жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүсүн өткөргөнүн билдирди.

«Мунай экспорттогон өлкөлөр уюму ОПЕК жана мунай өнөр жайы темасында сүйлөшүү өткөрдүк» деген Трамп, АКШда энергетика секторунда эч кимдин жумушсуз калышын каалабаганын айтты.

Орусия менен Сауд Арабиянын мунай өндүрүшү боюнча келишпестикке туш болгонун баса белгилеген Трамп: «Ортодо ким эмне кылуу керектигин билбегендей түрдө көп мунай өндүрүшү бар. Ал эмес бул мунайларды коюш үчүн жетиштүү жер жок»,-деди.



Тектеш кабарлар