Союз МС - 16 космоско учурулду

Капсуланын учурулушу Россия федералдык космос агенттиги РОСКОСМОСтун интернет сайтында түз эфирден барилди.

1394734
Союз   МС  - 16 космоско учурулду

Союз  МС  - 16 космостук унаа Казакстандагы Байконур космостук базасынан эл аралык космостук станциясына учурулду.

Космонавттар Анатолий Иванишин менен Иван Вагнер жана АКШнын Авиация жана Космостук Агенттиги НАСАнын космонавты Кристофер Кэссидини алып бара турган МС- 16 капсуласы жергиликтүү убакыт боюнча 14 :05те Байконур космостук базасынан учурулду.

Илимий иликтөөлөрдү жүргүзө турган топтун 6 сааттан кийин космостук станцияга барышы күтүлүүдө. Капсуланын учурулушу Россия федералдык космос агенттиги РОСКОСМОСтун интернет сайтында түз эфирден барилди.

РОСКОСМОСтон берилген маалыматта топтун Эл аралык Космостук Станциясында боло турган 6 жарым айда станциянын иш алып баруу көлөмүн жана камсыздалышын карап чыгары, тажрыйба, жүк ташуу капсуласын тосуп алуу жана жүк түшүрүү сыяктуу иштерди аткарары билдирилди.

2019 -жылдын сентябрь айынан бери Эл аралык Космостук Станциясында иштеген космонавтОлег Скрипочка менен НАСАнын космонавты Жессика Меир жана Эндрю Моргандын 17 -апрелде жер шарына кайтып келиши күтүлүүдө.

НАСА, РОСКОСМОС, Европа Космостук Агенттиги, Канада Космостук Агенттиги жана Япон Космостук Изилдөө Агенттиги биргеликте иштеткен Эл аралык Космостук Станциясында космостук иликтөөлөр жана негизги илимий тажрыйбалар жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар